Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында БШКнын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер каралды
Бүгүн, 2-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер каралды.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев мүчөлүккө сунушталган Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышовду, Миргүл Темирбаеваны жана Бөдөш Мамырованы тааныштырды. Ал эми «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобунун жетекчиси Дастанбек Жумабеков Тынчтык Шайназаровду талапкер катары көрсөтсө, «Ала-Тоо» депутаттык тобунун өкүлү Мирлан Жеенчороев менен «Ишеним» депутаттык тобунун өкүлү Гүлшаркан Култаева Сүйүнбек Касмамбетовду сунушташты. Ошондой эле «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчисинин орун басары Советбек Рустамбек уулу Лейла Лурованы талапкер катары тааныштырды. Андан тышкары, «Элдик» депутаттык тобунун өкүлү Чыңгыз Ажибаев Тимур Оторбаевди сунуштап жатышканын маалымдады.
Жыйынтыгында тармактык комитет Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөгүнө Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышовду, Миргүл Темирбаеваны, Бөдөш Мамырованы, Тынчтык Шайназаровду, Сүйүнбек Касмамбетовду, Лейла Лурованы жана Тимур Оторбаевди талапкер катары көрсөтүү тууралуу сунуштарды колдоого алышты.