Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын I сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.
Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.