Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карайт
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Марлен Маматалиевдин айтымында, парламенттин биринчи жыйыны 2-сентябрда өтөт. Анда календардык план бекитилип, комитеттердин иши башталат.
«Быйылкы жылдын эң маанилүү окуясы — президенттик шайлоо. Конституцияга ылайык, аны Жогорку Кеңеш дайындап, тиешелүү токтом кабыл алышы керек. Мыйзамга ылайык, шайлоо 27-январда өтүшү керек болгондуктан, тиешелүү чечимди 27-сентябрга чейин, башкача айтканда, төрт айга жетпеген мөөнөттө кабыл алышыбыз зарыл. Биз бул маселени 17-сентябрда, белгиленген мөөнөттөн 10 күн эрте кароону пландап жатабыз», — деди спикер.
Ошондой эле ал бул сессияда бир катар мыйзам долбоорлору каралып, кабыл алынарын белгиледи. Мындан тышкары, кийинки жылдын бюджети бекитилет.