Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМКнын төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди
Бүгүн, 2-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтом кабыл алынды.
Буга чейин депутаттар тарабынан Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берилген.