Royal
SerepTV Logo

Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды

Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды

Токмок шаарынын мэри болуп Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев шайланды. Мындай чечим бүгүн, 26-августта Токмок шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында кабыл алынды.

Токмоктун мэрлигине эки талапкер ат салышты - Урматбек Самаев менен Азат Кубатбек уулу.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция добуш берүүгө эки саат кечигип келишти. Бирок шайлоо өттү. Жыйынтыгында, Токмок шаардык кеңешинин 31 депутатынын 19у Урматбек Самаевге добуш беришти.