Тармактык комитет «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамга киргизилип жатан өзгөртүүлөрдү жактырды
Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карады.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлнара Акимбаева, Медербек Алиев, Таалайбек Сарыбашов, Бекмурза Эргешов, Айбек Алтынбеков, Максат Алымбеков, Улан Сариев.
Жыйында мыйзам долбоору тууралуу демилгечи депутаттардын бири Улан Сариев маалымат берди. Алсак, киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоолор азыркы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембисинде, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоолор азыркы Президенттин мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Эки учурда тең добуш берүү күнү жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан, эмгек акы сакталган эс алуу күнү деп жарыяланат.
Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет депутаттык топтордун көпчүлүгүнүн оң корутундусун эске алуу менен аталган мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алуу сунушун жактырды.