SerepTV Logo

Тармактык комитет Башкы прокурордун кызмат ордуна Малик Бектургановду дайындоого макулдук берүү маселесин колдоду

Тармактык комитет Башкы прокурордун кызмат ордуна Малик Бектургановду дайындоого макулдук берүү маселесин колдоду
 
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүн, 8-сентябрдагы жыйында Башкы прокурордун кызмат ордуна Бектурганов Малик Маамыталиевичти дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуу маалында депутат Жылдыз Курманалиева Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу ишин тездетүүнү өтүнүп, бул нерсе аталган өлкөдө кылмыш жоопкерчилигине тартылган мекендештер менен иш алып барууну жеңилдетерин билдирди. Депутат Болотбек Борбиев Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында жер мунапысын ишке ашыруу зарылдыгын айтып, аймакта турак-жайларына тиешелүү документтерин ала албай жүргөн жашоочулар көп экенин белгиледи.

Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы үйлөрдү түрттүрүү, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана жашыл аймактарды коргоого байланышкан иштерде мэриянын чечимдеринин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууга чакырды. Эл өкүлү шаардын өнүгүшүн колдой турганын айтып, бирок ошол эле учурда жарандардын укуктары да сакталышы керектигин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Бектурганов Малик Маамыталиевичти Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин жактырышты.
 
Жыйында мындан тышкары депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.
SEREP MEDIA