Royal
SerepTV Logo

"Тамакка акча таба албай жүрүшөт". Бекешев оң рулдуу таксиге тыюу салууга нааразы болду

"Тамакка акча таба албай жүрүшөт". Бекешев оң рулдуу таксиге тыюу салууга нааразы болду
Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев  оң рулдуу унаалардын айдоочуларына такси катары иштей албайсынар деген токтом чыгарганы жатканын айтып, айып пул 3 миң сом болорун билдирип, нааразы болду. "Азыр акыбал жакшы эмес. Азык-түлүк кымбат. Албетте, жол коопсуздукту ойлонуш керек, бирок депутаттар оң рулдуу таксилер дагы 5 жыл иштесе деген мыйзам чыгарып жатабыз. Муну 5 жылга жылдыруу керек. Бул бир топ кишиге терс таасирин тийгизет, канча үй-бүлө жумушсуз калат. Тамакка акча таба албай жүрсө... Иретке келтирүү керек, бирок башка жолу бар. Ушуну президентке, Минкаб башчысына жеткирип койсоңор", - деди ал.