Союзбек Надырбеков министрдин биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 11-ноябрдагы № 708 тескемесине ылайык, Союзбек Надырбеков башка жумушка өтүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулду.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин сунушунун жана Союзбек Надырбековдун жеке арызынын негизинде кабыл алынды.