Abank_june
SerepTV Logo

Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепеттерин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды

Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепеттерин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров 19-22-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар.

Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди.

Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат.