Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок"

Садыр Жапаров: "Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок"
Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанатка жана жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы 97 орунга ылайыкталган жаңы үч кабаттуу имаратты көрүп чыгып, жаңыланган инфраструктурасы, анын ичинде бассейн жана термалдык булактар менен таанышты жана ошондой эле бак отургузду. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө президент сөз сүйлөп, туризмди жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Мамлекет башчысы Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш шарттары бар экенин, аны калктын ден соолугун чыңдоо жана экономиканын өсүшү үчүн натыйжалуу пайдалануу керектигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдардагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү атап өттү: башкаруунун натыйжалуулугу артып, инфратүзүмдү жаңылоо үчүн шарттар түзүлүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты да жакшырууда. Санаторий объектилерин президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү алардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берип, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө шарт түздү. Мисал катары “Ысык-Ата” жана “Жети-Өгүз”санаторийлеринин жаңыланышы, “Жыргалаң” курортун өнүктүрүү жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борборун реконструкциялоо айтылды. Ошондой эле “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинде ири масштабдагы жаңылоо иштери жүргүзүлүп, корпустар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү, материалдык-техникалык база жаңыртылганы жана амфитеатр менен термалдык булактар сыяктуу жаңы объектилер курулганы белгиленди. Жаңы корпус акыркы 40 жыл ичинде алгачкы жолу курулуп жатат.

Президент финансылык көрсөткүчтөр кыйла өскөнүн: акыркы эки жылда таза киреше эки эседен ашык көбөйгөнүн, ошол эле учурда кызматкерлердин айлык маянасы да жогорулаганын белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчысы айрымдардын “Президенттин иш башкармалыгы бир топ мекемелерди, анын ичинде Санариптик өнүгүү министрлигин да өзүнө алып, өзүнчө эле өкмөт болуп алды. Дегеле иш башкармалыгы көзөмөлдөн чыгып бараткандай” деген сөздөрүнө дагы жооп берди.

“Түз эле айтайын, иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, Министрлер кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары иш башкармалыгынын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады”, - деди Садыр Жапаров.

Натыйжада, президент кошумчалагандай, министрликти жоюп, анын айрым функцияларын иш башкармалыкка өткөзүп берүү чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысы министрлик иштеп турганда бюрократия болуп, же бири-бирине шылтоо менен иш мынчалык жылгабаганына токтолду. Садыр Жапаров акыркы беш жыл ичинде дээрлик ар бир тармактагы реформа олуттуу каршылыктарга туш болуп келгенин айтты. “Кайсы гана тармакта болбосун, сөзсүз бирөөлөрдүн — мейли мурдагы аткаминерлердин же азыркы жогорку кызматтагы адамдардын жеке кызыкчылыктары бар болуп чыгат. Тармакта чыныгы өзгөрүүлөрдү баштай турган болсоң, дароо эле чыр-чатак уюштуруу башталат: блогерлерди, журналисттерди жалдап, соцтармактарда чатактарды күчөтүшөт”, — деп билдирди президент.

Садыр Жапаров 2021-жылы Кумтөр алтын кенин толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө кайтаруу маселесин мисал келтирди. Ал учурунда “кенди алганга мүмкүн эмес, өлкө эл аралык соттук иштерге батып калат” деген пикирлер айтылганын белгиледи. “Эсиңиздердеби, ошондо “алганга мүмкүн эмес, 3 млрд ашык доллар төлөйбүз” деп башташкан. “Эл аралык сот кыргыздын соту эмес…” дешкен. Чечип алдыкпы мына. “Кумтөр” жүз пайыз өзүбүзгө өттү. Мына ошонун эсебинен айлыгыңар көтөрүлүп жатат, пенсия-пособие көтөрүлүүдө. Курулуштар кызуу жүрүп жатат. Аскердик техникаларды алып жатабыз, жолдор курулууда. Мектептерди, бала бакчаларды салып жатабыз. Мына чындап жыйынтыгын берип жатат”, - деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров ошондой эле кесиптик бирликтер системасындагы реформаларды, “Унаа” ишканасында тартип орнотуу иштерин, “Кыргыз Темир жолу” компаниясынын өз каражатына курулуп жаткан темир жол Кочкорго чейин жетип, андан ары Кара-Кечеге карай уланып жатканын, ошондой эле 11 аэропорт жаңыланып, Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулуп жатканын эске салды. Президент чек ара маселелерин Кыргызстандын пайдасына чечүүдө да каршылыктар болгонун да айтып өттү. Айрым күчтөр ар кандай жолдор менен бул процессти үзгүлтүккө учуратууга жана чыңалууну сактап калууга аракет кылышкан. “Ошондуктан, урматтуу мекендештер, ар кандай реформаларды жасаганда ызы-чуу чыгаргандардын экинчи тарабын дагы эсиңиздерге тутуп коюңуздар”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле санаториялык-курорттук тармакты өнүктүрүү улуттун саламаттыгына жана өлкөнүн келечегине болгон инвестиция катары караларын өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу тармакты өнүктүрүү боюнча бардык негизги процесстер анын жеке көзөмөлүндө турат. Садыр Жапаров сөзүнүн аягында санаторийдин жамаатын маарекеси жана жаңы корпустун ачылышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады. Иш-чара жергиликтүү эстрада жылдыздарынын майрамдык концерти менен аяктады.