Royal
SerepTV Logo

Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Ушул жылдын май айында Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай-Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат. Ошол эле учурда анын президент болуп дайындалгандан берки Кытайга биринчи мамлекеттик сапары болмокчу.

«Биз бул сапарга чоң маани беребиз. Азыр эки тарап тең иш-чарага кызуу даярдык көрүүдө. Ал чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын жалпы тагдырынын коомчулугун курууда жаңы кадам таштайбыз”, - деп жыйынтыктады элчи.