Abank july
SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров менен КЭР төрагасы Си Цзиньпин бейформал жолугушуу өткөрүштү

Президент Садыр Жапаров менен КЭР төрагасы Си Цзиньпин бейформал жолугушуу өткөрүштү

Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин кечээ, 30-августта Бишкек шаарында расмий эмес шартта жолугушту.
 
Бейформал кечки тамактануу учурунда эки өлкөнүн лидерлери жылуу маанайда пикир алышып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтө турган расмий иш-чаралардын негизги темаларын талкуулашты.
 
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасында мамлекеттик сапар менен болууда. Кытай лидери ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга катышат.

SEREP MEDIA