Abank july
SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун башында Садыр Жапаров Кытай лидерин кыргыз жергесинде жылуу тосуп алып, анын сапары Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы өткөрулгөн күнгө туш келгенин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле КЭРдин Тибет автономиялуу районунда сел жүрүп, адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу Си Цзиньпинге жана кытай элине жеке өзү терең кайгыруу менен көңүл айтты. Президент Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук, ынак коңшулук жана өз ара ишеним мамилелерин мындан ары да чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Кыска тарыхый мезгилдин ичинде биздин алакалар жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти жана бүгүнкү күндө тарыхый жактан эң жогорку деңгээлде турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы “алтын мезгилине” кадам таштады деп ишенимдүү түрдө айта алам”, - деди Садыр Жапаров.

Президент Си Цзиньпинди жана жалпы кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктады.

SEREP MEDIA