Abank july
SerepTV Logo

Пакистандын премьер-министри Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди

Пакистандын премьер-министри Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди

Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Мындан тышкары эки тараптуу жолугушуулар болуп, документтерге кол коюлат. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

SEREP MEDIA