Abank july
SerepTV Logo

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

SEREP MEDIA