Royal
SerepTV Logo

Өкмөт башчы орун басарлары менен Аксы окуясында курман болгондордун элесине арнап гүл коюшту

Өкмөт башчы орун басарлары менен Аксы окуясында курман болгондордун элесине арнап гүл коюшту
Бүгүн, 17-мартта премьер-министр Улукбек Марипов, биринчи вице-премьер Артём Новиков, вице-премьер Улукбек Кармышаков, өкмөт аппаратынын жетекчиси Жеңишбек Асанкулов 2002-жылкы Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан 2002-жылкы Аксы окуясында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту. Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 19 жыл толду. Аталган окуя Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип кеткенине нааразылыктан улам чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. 6 киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы 1 жаран көз жумган.
Unknown Author