Монголиянын президенти жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Монголиянын президенти "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.