Abank_june
SerepTV Logo

Манас шаарынын жаңы мэри тааныштырылды

Манас шаарынын жаңы мэри тааныштырылды
Бүгүн, 23-июнь күнү президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарынын активине жаңы дайындалган мэр Уларбек Исмаиловду тааныштырды.

Иш-чарага президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Адилет Акбаралиев катышты. Жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 22-июнундагы №233 Тескемеси окулуп, ага ылайык Исмаилов Уларбек Тавалдиевич Манас шаарынын мэри болуп дайындалганы белгиленди.

Облус башчысы Тилек Текебаев жаңы жетекчини куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, шаарды өнүктүрүү, калктын жашоо шарттарын жакшыртуу, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу багытындагы милдеттерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.