Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Башкы прокурор Максат Асаналиевдин кызматтан кетүүсү кабыл алынды. Башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго башкы прокурордин милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Асаналиев Максат Кубатович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Асаналиев Максат Кубатовичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.