Касымалиев Орусияга иш сапары менен барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Орусиянын Екатеринбург шаарына келди.
Иш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куроо жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.