Индиянын премьер-министри Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди
Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Премьер-министр Нарендра Моди ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.