Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. "Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Илхам Алиев "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.