Abank_june
SerepTV Logo

Алмаз Калыбаев Жогорку Соттун судьясы кызмат ордуна сунушталды

Алмаз Калыбаев Жогорку Соттун судьясы кызмат ордуна сунушталды
 
Бүгүн, 23-июнда Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку Соттун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн президент тарабынан сунушталган Калыбаев Алмаз Жээнкуловичтин талапкерлиги каралды.

Талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев маалымат берип, Алмаз Калыбаев буга чейин Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келгендигин билдирди.

Талкуу маалында депутат Жылдыз Курманалиева талапкердин күчтүү юрист, дасыккан сот экенин белгилеп, соттук аппаратка кызматкерлерди тандоодо тестирлөөсүз ишке алуу маселесине байланышкан сунуштарын да берди. Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков талапкер 20 жылдай сот тармагында эмгектенгенин эске алып, сунушталган кызмат ордуна татыктуу экенин кошумчалады. 

Жыйынтыгында Алмаз Калыбаевдин талапкерлиги комитет тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган Маматкеримов Урмат Таалайбековичтин талапкерлиги каралып, комитет тарабынан жактырылды.