УКМК: Кубанычбек Конгантиев мамлекетке 15 миллион долларлык мүлк өткөрүп берди
УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жер тилкелерин берүүдө коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.
Тергөөдө аныкталгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган учурда Кубанычбек Конгантиев өзүнө берилген кызматтык ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыгы жана ага байланыштуу жактардын пайдасы үчүн пайдаланып, жакын адамдарына жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу чечимдерди кабыл алууну демилгелеген. Тергөө учурунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууга кол койгон, тергөөгө көмөк көрсөткөн жана өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине «Роял Констракшн» компаниясы куруп жаткан объекттердеги жалпы аянты 6500 чарчы метр турак жай жана коммерциялык жайларды өткөрүп берген. Алардын жалпы базардык баасы 15 миллион АКШ долларын түзөт (КР Улуттук банкынын курсу боюнча: 1 миллиард 311 миллион 750 миң сом).
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 15-июлдагы өкүмү менен Кубанычбек Конгантиев Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин кирешесине 500 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.