Royal
SerepTV Logo

Сокулуктагы үрөй учурган жол кырсык. Бишкек мэриясы 34 жаштагы аял каза болгонун билдирди

Сокулуктагы үрөй учурган жол кырсык. Бишкек мэриясы 34 жаштагы аял каза болгонун билдирди
Бүгүн, 19-июлда Сокулукта №169 кичи автобус менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсык катталды. Анын кесепетинен 24 адам жаракат алып, анын бирөөсү каза болгон. Учурда 4 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бишкек мэриясы кырсыкта 34 жаштагы аял каза болгонун билдирди. "11 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Учурда 12 адам дарыланып жатат. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 4 адамдын үчөөсүнүн абалы өтө оор. Эртең менен айдоочу медициналык көзөмөлдөн өткөн. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун укук коргоо органдары алып кетти. Иш Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө",- дешти.