SerepTV Logo

Бостериде катуу жаандан улам 2 турак үйдүн короосуна суу кирди

Бостериде катуу жаандан улам 2 турак үйдүн короосуна суу кирди
 
24-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Ысык-Көл районунун Бостери айылында Кызыл-Чап сел өтүүчү каналдан суу ташып, арыктагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Мамытов көчөсүндөгү жана Достаев көчөсүндөгү жайгашкан 2 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 8 куткаруучу, 1 мотопомпа, мэриядан 9 кызматкер, 1 экскаватор жана жеке менчик 1 суу сордуруучу унаа тартылып, суунун нугу бурулуп, шакекчелердин ооздору тазаланып, суу каптоо коркунучу жоюлган. Ошондой эле 2 турак үйдүн короолоруна кирген суу тазаланып, иш-чара толугу менен аяктаган. Жабыркагандар жок.

Аталган Кызыл-Чап каналы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын карамагында турат. Буга чейин каналындын нугун кеңейтүү максатында курулуш иши башталып жүрүп жаткан.
SEREP MEDIA