Abank
SerepTV Logo

"Шереметьево" аэропортунун кызматкери Москва-Бишкек каттамындагы эки жүргүнчүнүн 21 миллион рубль акчасын уурдоого шектелүүдө

"Шереметьево" аэропортунун кызматкери Москва-Бишкек каттамындагы эки жүргүнчүнүн 21 миллион рубль акчасын уурдоого шектелүүдө

"Шереметьево" аэропортунда жүк жүктөп иштеген кызматкер Москва-Бишкек каттамындагы эки жүргүнчүнүн 21 миллион рубль акчасын уурдаганын "Известия" басылмасы бүгүн, 15-июлда жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кызматкер жүргүнчүлөрдүн чемодандарына чыгып, бирөөсүнөн 10 миллион рубль, экинчисинен 11 миллион рублга жакын акча алган. 

Кылмышка шектүү кармалып, кылмыш иши козголгон.