SerepTV Logo

Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды

Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды
28-апрель күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагындагы бала бакчалардын биринде жетекчи менен тарбиячы кайым айтышып, урушуп жаткан видеотасма тараган. Бул тууралуу Ош ОИИБи маалымдады.
Бул факты Өзгөн РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар делген жарандар суралып, бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячысы эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин билдиришкен. Ал эми алардын жумуш учурундагы аракеттери ыйгарым укук берилген тийиштүү мамлекеттик кызматтар тарабынан каралууда.