Abank july
SerepTV Logo

Милиция кызматкерине орой сөз айтып, коркуткан Лексустун айдоочусуна протокол түзүлдү

Милиция кызматкерине орой сөз айтып, коркуткан Лексустун айдоочусуна протокол түзүлдү
4-август күнү саат 12:00 чамасында Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурда Гагарин жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унаанын айдоочусу транспорт каражатын белгиленген талаптарды бузуу менен башкарып, анын ичинде алдыңкы каптал айнектери мыйзам талаптарына ылайык келбеген караңгылатылган абалда болгон. Милиция кызматкери менен сүйлөшүү учурунда унаанын айдоочусу - 1974-жылы туулган М.С. өзүн туура эмес алып жүрүп, кызматкердин дарегине орой сөздөрдү айтып, коркутуу мүнөзүндөгү сөздөрдү айткан. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рапорт түзүлүп, М.С. аттуу жаран Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Аталган жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн сотко жөнөтүлөт.

Бишкек шаарынын милициясы жарандарды коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүнө жана кызматтык милдеттерин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине урмат-сый менен мамиле кылууга чакырат. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузган учурда мыйзам чегинде жоопкерчилик каралган.