Royal
SerepTV Logo

"Жумуш убактысынан тышкары болгон". Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча "Алтын Казына" рестораны кайрылуу таратты

"Жумуш убактысынан тышкары болгон". Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча "Алтын Казына" рестораны кайрылуу таратты

Чүйдөгү "Алтын Казына" рестораны соцтармактагы баракчасы аркылуу 7-августка караган түнү болгон окуя боюнча кайрылуу таратты.

"Окуя түндө, кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары болгон. Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдар ижарага алган корголуучу жайга киришкен. Кылмышка шектүүлөр кармалды жана алар Кылмыш-жаза кодекси боюнча жаза алышат. Биз бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Ошондой эле биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүктүн тарабында экенибизди билдиребиз",- деп жазылат маалыматта.

8-августта соцтармактарга видео тараган. Анда Чүйдөгү «Алтын-Казына» ресторанынын кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кыздын зордукталганы маалымдалган. 9-августта Чүй ОИИБ маалымат таратып, кылмышка шектелип 20 жаштагы жигит кармалганын билдиришти.