Abank
SerepTV Logo

"Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөлдүн УКМКга өзү келген видеосу тарады

"Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөлдүн УКМКга өзү келген видеосу тарады
Социалдык тармактарда "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөлдүн УКМКга келген видеосу тарады. Буга чейин УКМК маалымат таратып, 15-июль күнү Бишкекте «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганын билдиришкен. 8-июль күнү “Дөө Чыңгыз” атыккан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракеттери жүргүзүлүп, анын унаасы аткыланганы маалымдалган. Кийинчерээк УКМК үн катып, Жумагулов менен ок атышуу болбогондугун билдирген.