Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болду. Анын өлүмүнө шектелип 4 өспүрүм кармалды
18-сентябрь күнү Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей, 2011-жылы туулган Д.Р. аттуу өспүрүм каза болгондугу тууралуу маалымат Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында Чаткал РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2011-жылы туулган И.М., Н.С., Н.К., Т.А. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.