Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги соода борбордо өрт чыкты

Бишкектеги соода борбордо өрт чыкты

Бишкек шаарына караштуу Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:31де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, кошумча саат 09:37де аталган райондук ӨКБдан 3 жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган. Жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда. Тилсиз жоо саат 10:00дө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрт "Эне-Өргөсү" соода борборунан чыккан.