Royal
SerepTV Logo

Бишкекте уруштун айынан бычак сайылды. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте уруштун айынан бычак сайылды. Шектүүлөр кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 17-декабрда саат 02:40 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына 7-апрель менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бирөөгө бычак сайылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1990-жылы туулган жаран балдар  урушуп, бирөөсүнүн артына бычак сайып, качып кеткендигин айткан. Кылмышка шектелип, 1997-жылы жана 1996-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="90354,90355"]