Abank
SerepTV Logo

Бишкекте сойкукана аныкталып, 20 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте сойкукана аныкталып, 20 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 10-январь күнү саат 03:24 чамасында милицияга Ашхабад көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу чакырык түшкөн. Чакыруу болгон жерге Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын Биринчи май администрациялык району боюнча адистери барышкан, окуя болгон жерге келгенде кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 2004-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып жатат.