Бүгүн, 29-январда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан батир тоноого шектелген адам кармалды.
Маалыматка караганда, 18-январь күнү 6-кичи районунун тургуну милицияга кайрылган. Ал 82 миң доллар акчасын жана 18 миң доллар өлчөмүндөгү алтын буюмдарын уурдап кеткен уурулардын аракеттеринен жапа чеккендигин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 100 000 долларды түзгөн.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 200-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелиип 1984-жылы туулган А.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Милиция кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктап жатат.