Royal
SerepTV Logo

Бактыбек Калмаматов камакка алынды

Бактыбек Калмаматов камакка алынды

Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Исмаил Исаков тастыктады. 

Маалыматка караганда, ал 2 суткага УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми адвокатынын айтымында, Бактыбек Калмаматов 313-беренеге (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) шектелип жатат. Бул жерде так эмне болуп жатканын мурдагы депутаттын өкүлү билберин айтты. Бүгүн, 22-декабрга караган түнү экс-депутаттын "Манас" аэропортунан чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда анын өлкөдөн чыга албасы белгилүү болуп, УКМКга суракка алынып кеткени маалым болгон