SerepTV Logo

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды
24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерде шектүү жаранды жергиликтүү тургундар кармап алышкан.
Чакыруу боюнча дароо Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде 2003-жылы туулган Г.Р. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-(зордуктоого аракет жасоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Биринчи май РИИБи кылмыштын алдын алып, жарандык милдетин аткарган жарандарга ыраазычылык билдирет.