Abank_june
SerepTV Logo

“Teach You a Lesson” дорамасы Netflix тарыхындагы эң популярдуу корей сериалдарынын бири болду

“Teach You a Lesson” дорамасы Netflix тарыхындагы эң популярдуу корей сериалдарынын бири болду

“Teach You a Lesson” («Чыныгы билим») дорамасы Netflix тарыхындагы эң популярдуу корей сериалдарынын бири болду.

Мектептердеги зомбулук жана башаламандыкка каршы күрөш тууралуу бул курч сюжеттүү Түштүк Корея дорамасы дүйнөдөгү англис тилинен башка тилдеги телешоулардын ТОП-10 рейтингинде төрт жума катары менен биринчи орунда турат.

“Teach You a Lesson” 46,6 миллиондон ашык көрүүлөрдү топтоп, Netflix платформасындагы тарыхтагы эң популярдуу бешинчи корей оригинал сериалга айланды. Дорама 39,7 миллион көрүүгө жеткен “The Glory” сериалынан дээрлик 7 миллионго көп көрүү жыйнады.

Башкы ролдорду Ли Сонмин, Чжин Кичжу, Ким Муёль жана P.O (Block B) аткарышат. Сериал “Get Schooled” аттуу вебтундун негизинде тартылган.