"Улан Ниязбеков өз бизнестери менен алек" деген депутат айымга ИИМ жооп берди
"Депутат Айгүл Айдарова негизсиз сындоодон алыс болуусу керек". Мындай билдирүүнү ИИМ депутат айым Жогорку Кеңеште ИИМ башчысы Улан Ниязбековду сындаган соң билдиришти.
- Депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратура менен УКМКга кайрылып, ИИМди көзөмөлдөп берүүнү суранган. «Себеби ал жакта башаламандык көбөйүп кетти. ИИМдин башчысы өз бизнестери менен алектенип жүрөт. ИИМдин деңгээли төмөндөп кетти. Биздин милиция мамлекеттин жүзү. Азыр мамлекеттин жүзү болбой калды. Бизге жакшы башчы керек. Азыр анын ал жерде отурганга моралдык укугу жок. Атасына болушкан бала боюнча элди алдап койду. Түшүнбөйт деп ойлошту окшойт. Жалал-Абад облустук милициянын башчысынын ордун алмаштырып койду. Бул жазага киреби?» — деген депутат.