Abank
SerepTV Logo

УКМК өлкөдө синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады

УКМК өлкөдө синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады. Азыркы учурда комитет бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда. Заманбап синтетикалык дары - бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат. Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.