Abank
SerepTV Logo

Суу камдап алыңыз! Жал кичи району менен Арча-Бешик конушунда суу өчөт

Суу камдап алыңыз! Жал кичи району менен Арча-Бешик конушунда суу өчөт
Жал кичи районунда жана Арча-Бешик конушунда магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу 17-18-апрелде муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Өчүрүү 17-апрелге саат 08:00гө белгиленген. Бул иштердин алкагында суу түтүгүнүн 11 участогунда бураматээктер алмаштырылат. “Бишкек суу канал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууларын өтүнөт.