Royal
SerepTV Logo

Март айында чет өлкөдө каза болгон 17 жарандын сөөгү мекенине алып келинди

Март айында чет өлкөдө каза болгон 17 жарандын сөөгү мекенине алып келинди
Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында 2024-жылдын март айында аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
  • Орусиянын Москва облусунун Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактка байланыштуу, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүү максатында каза болгон жана жабыркаган Кыргыз жарандарын издөө боюнча бардык чаралар көрүлдү;
  • чет өлкөдө каза болгон 17 Кыргыз жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүүгө көмөк көрсөтүлдү;
  • Австрияда, Венгрияда, Казакстанда, Кытайда, Өзбекстанда, Орусияда, Сауд Аравиясында, Украинада, Улуу Британияда жана Түркияда оор турмуштук кырдаалга туш болгон 31 Кыргыз жаранына мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү;