Abank_oct
SerepTV Logo

Кыргызстандын аймагына алмаларды ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

 Кыргызстандын аймагына алмаларды ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын аймагына алмаларды ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документтин максаты Кыргыз Республикасынын багбанчылык чарбаларын колдоо, 2026-жылдагы алмалардын түшүмүн өз убагында сатуу үчүн шарттарды түзүү жана тармактын өндүрүштүк потенциалын сактоо. Ага ылайык төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0808 10 100 0–0808 10 800 8 коддору менен классификациялануучу алмаларды үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден 2027-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди.

SEREP MEDIA