Каныбек Иманалиев Жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган союздан билдиришти.
"Башкармалыктын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерлер Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуевге 2-турда кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды. Эми алдыда жазуучулар союзунун президиуму шайланат",- деп айтылат маалыматта.
Каныбек Иманалиев буга чейин билим берүү жана илим министри болгон. Ал өткөн жылдын сентябрь айында тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулган.