"Камера койдурганга менин тиешем жок". Туманбаев чайханага "Мекенчилерди" чакырбаганын айтты
Буга чейин Азамат Марипов аттуу өзүн "мекенчил" атаган жаран Фейсбукта түз эфирге чыгып, аларды «подстава» кылганы жатканын, алар чогулуучу чайханага камера орнотушканы, камераны койгон киши президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экенин айткан. Марипов Туманбаевге өкүл ата болуу сунушун айтканын, Туманбаев макул болуп, тойго 13 миң доллар бергенин айткан. Мариповдун айтымында, ал сүйлөшкөн кызы менен үйлөнбөй калып, 13 миң долларды бөлүштүрүп берген.
Соцтармакта "чайханада чыккан чуу" деп атыккан чуу боюнча Каныбек Туманбаевдин түшүндүрмөсү жарыяланды. Анын түшүндүрмөсүн Президенттин иш башкаруучусунун Маалымат жана коомчулук менен байланыш боюнча сектордун башчысы Мурат Соорбеков соцтармактагы баракчасында жазды.Ал дем алыш күндөрү менин жанымда болбойт. Өз иштери менен жүрөт. Камера койдурганга менин тиешем жок. Эмнеге жана ким үчүн койгону боюнча мен айта албайм. Өзүнөн сурагыла. Эми ушул жерден кандай болгонун ийне жибине чейин айтып берейин. Эл баасын берсин. Мен кандай болгонун териштирдим.
Мекенчилмин дегендерди менин күзөтүм чакырган эмес. Башка эле биз тааныбаган бала өздөрүнүн мекенчилмин деген бирөөсү ооз ачарга чакырган экен. 19-кабинаны заказ бериптир. А менин күзөтүм камера коюп жаткан кабина 4-кабина экен. Таптакыр башка максатта коюп жаткам деп түшүндүрдү мага. Мекенчилмин дегендер менин күзөтүмдү таанышат да. Сен биякта эмне кылып жүрөсүң деп өздөрүнө тиешеси жок эле 4-кабинага кирип келишип, коюп аткан камераны жулуп алышып ызы-чуу чыгарышкан экен.
Анан кафенин администратору келип “Силер 19-кабинаны заказ бербедиңер беле. Тиешеңер жок кабинага эмнеге кирип бардыңар” деп баарын 19-кабинага жетелеп кетиптир. Мына ушундай акыркы болгон окуялар", - деди ал.