Abank
SerepTV Logo

"Эшек менен жайлоого көчүп бара жатышкан". Ошто 2 өспүрүм табылды

"Эшек менен жайлоого көчүп бара жатышкан". Ошто 2 өспүрүм табылды
Милиция жайлоодо адашып калган эки өспүрүмдү таап, туугандарына тапшырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 20-апрель күнү түнкү саат 22:50 чамасында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Ылай-Талаа айыл аймагынын эки өспүрүм балдары Кызыл-Таш жайлоосуна бара жатып, катуу жааган жаандан улам адашып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери заматта аталган жайлоого жөнөп кетишкен. Кызматкерлер жайлоого түнкү саат 00:00 чамасында жетип барышып, эки өспүрүмдү издеп табышкан. Өспүрүмдөр ата-энеси менен жайлоого кой айдап көчүп бара жатышып, ата-энеси узап кеткендигин, ал эми өспүрүмдөр жүк артылган эшектерди минип баратышып, артта калып, күн кеч болуп, жаан катуу жаап киргендиктен жолдон адашып кетишкендигин билдирген. Алар Ылай-Талаа айыл аймагынын 2015 жана 2017-жылы өспүрүмдөрү экендиги аныкталган. Аларга тамак-аш берилип, кийимдери кургатылып, сак-саламатта туугандарына өткөрүлүп берилди.