Royal
SerepTV Logo

Эртең кыргыз-өзбек чек арасындагы "Ак-Кыя-автожол" өткөрүү жайы 4 саат иштебейт

Эртең кыргыз-өзбек чек арасындагы "Ак-Кыя-автожол" өткөрүү жайы 4 саат иштебейт
Эртең, 6-апрелде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Ак-Кыя-автожол" өткөрүү жайы убактылуу иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Эртең, 6-апрелде техникалык иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Ак-Кыя-автожол" өткөрүү жайында саат 12:00дөн 16:00гө чейин адамдарды, транспорт каражаттарын мамлекеттик чек арадан өткөрүү убактылуу токтотулат.