Abank_oct
SerepTV Logo

Энергетика министри Токтогул ГЭСине барып, күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСине барып, күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди
 
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоорунун ишке ашырылышы, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин даярдык мезгилиндеги объектилеринде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Токтогул ГЭСине барган учурда министр станциянын энергетикалык жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан иштери менен таанышты. Станцияны модернизациялоо долбоорунун алкагында төрт гидроагрегаттын бардыгы жаңыланып, ар биринин кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка чейин жогорулатылган. Натыйжада ГЭСтин жалпы орнотулган кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка жетип, 240 МВтка көбөйгөн. Бул станциянын электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого шарт түздү.

Камбар-Ата-2 ГЭСинде министр №2 экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Аталган долбоор өлкөнүн электр энергиясын өндүрүүчү кубаттуулуктарын кеңейтүүдө жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү орунду ээлейт. Ошондой эле Алтынбек Рысбеков Камбар-Ата-1 ГЭСинин даярдык мезгилиндеги объектилеринде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин учурдагы этабы менен таанышты. Иштердин жүрүшүнө жана белгиленген иш-чаралардын аткарылышына көңүл бурулду. Сапардын жыйынтыгында министр энергетикалык объектилердин жооптуу жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.
SEREP MEDIA